Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 6
«Кызыл-Жылдыз-Нуралы-аке» командасынын кеңешинин арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен «Солпубаш» сазындагы булак «Кызыл-Жылдыз-Нуралы аке» хоккей клубуна 50 (элуу) сотых жер аянты 5 (беш) жылга ижарага берилсин.
2. Ижарага берилген күндөн баштап аренда акысын өз убагында төлөп туруу, айланасын таза кармоо, айылда жашаган жарандар ынтымакта иш алып баруу, алардын кызыкчылыгы менен эсептешүү клубдун президенти Р.Жуматаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде чечим жана келишим түзүү Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнө жана жер комитетине жүктөлсүн
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнун башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |