Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-марты № 2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жазгы айдап себүүгө карата трактор акыларын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши элдик чогулуштун талабынын негизинде Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн сунушун эске алып Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагында трактор акысы
1. Айдоо үчүн - 700 сом
2. Мала үчүн -350 сом
3. Себүү себүү — 350 сом
4. Чөп чабуу-косилка менен 700 сом
5. тырмоо -350 сом
6. жатка -1000 сом,
7. пресстөө -1000 сом болуп бекитилсин.
2. Бекитилген акыдан чыккан механизаторлорго административдик комиссия аркылуу айып пул салынары бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жер айыл чарба комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |