Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-марты № 3
Кызыл-Жылдыз айылында «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасын кеңейтүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылындагы «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасына кеңейтүүгө дем берүүчү грантка кирүүдөгү өздүк салым жөнүндө Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасын кеңейтүү тууралу дем берүүчү грантка өтүп жаткандыктан Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын үнөмдөлгөн каражатынан 41000 (кырк бир) миң сом өздүк салым үчүн которуп берилсин.
2. Каражатты которуу Кызыл-Жылдыз өкмөтүнүн финансы — экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Саятчиновага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |