Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын сунушун угуп жана эске алып Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт акысы жандык малга 14 сом, бодо малга 250 сом деп белгиленип, жайыт акысын бада баккан бадачы төлөсүн.
2. Бодо мал үчүн жайыт акысы 70 сом болуп белгиленип, бада акысы 250 сом деп эсептелсин.Жайыт акысын мал ээси өзү төлөйт.
3. Жайыт бада акысын бузган бада кайтаруучуларга айып алуу 1-жолу 300 сом деп белгиленип 2-жолу кайталанса 1000 сом деп эсептелинип ар бир бадачы үчүн милдеттүү болсун.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |