Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 2
«Нур Телекомго» 16м2 жайытка жарабаган таштак жерден 2 жыл 11 айга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы М.Молдокеевдин сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен «Нур Телекомго» жайытка жарабаган таштак жерден 16м2 жер 2 жыл 11 айга ижарага берилсин.
2. Ижарага берилген күндөн баштап аренда акысын өз убагында төлөп туруу, айланасын таза кармоо, айылда жашаган жарандар менен ынтымакта иш алып баруу, алардын кызыкчылыгы менен эсептешүү «Нур телекомго» милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде чечим жана келишим түзүү Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg. вeб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикалык Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл токмотунун башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |