Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагында биометрикалык маалымат чогултуу, таза суу, жайыт комитетинин отчету жана айылда тартипти сактоо жөнүндө
Айыл өкмөт башчысынын депутаттардын сунуштарын эске алып Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин депутаттарына биометрикалык маалымат чогултууга жардам берүү милдеттендирилсин.
2. ИСКАКБ «Бок-Тай» булагы коомдук уюмдун башчысынын отчету ревком К.Убайылдаев текшерип бүткөндөн кийинки сессияга даярдалышы белгиленсин.
3. Жайыт комитетинин бухгалтеринин отчету канааттандыралык деп табылсын. Жаңы шайланган жайыт комитетинин башчысына жайыт акысын убагында чогултуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |