Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 2
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн сунушун талкуулап Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги электр энергиясына каралган жана үнөмдөлгөн 234500 сомду социалдык төлөмдүн карыздарын жоюштуруу максатында жылдыруу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерии Ж.Саятчинованын жана депутаттардын сунуштарын эске алып Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн электр энергиясына болгон каражаттын 234500 (эки жүз отуз төрт миң беш жүз) сомду социалдык төлөм статьясына жылдырып карыздарды жабууга макулдук берилсин.
2. Статьядан статьяга которуу Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумгал райондук финансы бөлүмү менен кеңешип билдирсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышн контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |