Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы № 358- р тиркемесин жетекчиликке алып Миң-Куш айыл өкмөтүнүн 11 тургунуна Кызыл-Жылдыз айыл аймагынан огород үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысынын жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы № 358-р тиркемесинин негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнүн 11 (он бир) тургунуна эки Кучуктун ортосунан ар бирине 10 (он) сотыхтан баары 1га 10 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жерди ички жайыттын жеринен калктуу конуш жерине трансформациялоо жогорку органдарга сунушталсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |