Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 18-ноябры № 21/3

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 9 айындагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХХI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу  боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 28-октябрындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде,

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 9 айында Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин бекитилген планына салыштырмалуу (трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо) 8007,2 миң сом жергиликтүү бюджетке кошумча киреше түшкөндүгүн эсепке алуу менен, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон шаар мэриясынын кызматкерлерине 217,4 миң сом, шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине 45,5 миң сом 1 айлык эмгек акы өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө бюджеттин 2015-жылдын 9 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен кошумча каржылоого макулдук берилсин.

2. Бюджеттин теңдигин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жана каражаттарды максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                                  

Төрага

А.Насыров