Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 23/1
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюжетинин жыл башында калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын 2015-жылдын башына калган акча каражатынын эсебинен смета бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын башына калган акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша бөлүгү 607300 сом болуп бекитилсин.
Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын:
- Статья 22154900 "Теңир тоо" газетасынын редакциясына подписка үчүн -7300 сом;
- Статья 31112290-"Аруу тилек'" балдар бакчасынын имаратын сатып алуудан калган карыз үчүн - 170000 сом;
-Статья 31112390-Алыш орто мектебинин айланасын тосуп, дарбаза салуу үчүн - 430000 сом.
2. Тиешелүү документтерди даярдап, токтомдун аткарылышьн көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | К.Исаков |