Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2015-жылдын 10-ноябры № 26/1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атуулу Маткаримов Рустамбек арызынын негизинде Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу үчүн 15 (он беш) га жайыт жер аянтарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттук байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы Разаков М. билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынын кайрак адырдан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана куруу үчүн жайыттан он беш (он беш) га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянтына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянтарын баштапкы калыбына келтирүү (рекультивизациялоо) жагы ижарачы Маткаримов Рустамбекке милдеттендирилсин.
3. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасындагы он беш (он беш) га жер аянтына курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана куруу жана топуракты алып иштетүү үчүн жайыттан 15 (он беш) га жайыттын жер аянтарынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу (жерлер) категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясынын мөөнөтүнүн негизинде ижара келишимин түзүү жагы Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
Төрага | А.Ажибаев |