САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылышынын 19-сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 159
Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы мектептин тушуна дамба куруу үчүн ПРООН уюмунан келип түшкөн акча каражатына план бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы мектептин тушуна дамба куруу үчүн ПРООН уюмунан келип түшкөн акча каражатына план бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп Салам-Алик айыл кеёешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы мектептин тушуна дамба куруу үчүн ПРООН уюмунан келип түшкөн 610,0 (алты жүз он миң) сом акча каражатына план бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |