Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 160
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылына дамба куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айылына дамба курууга акча каражатын бөлүү жөнүндө айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин тушуна дамба куруу үчүн 210,0 миң сом акчалай айыл өкмөтүнүн салымы жана 97 736 (токсон жети миң жети жүз отуз алты ) сомдук элдин салымы катары жумуш аткарууга, бардыгы 307 736 (үч жүз жети миң жети жүз отуз алты сом) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |