Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 161
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кургак участкасынан кайра бөлүштүрүү жер фондусунан Кызыл-Тоо айыл өкмөтү жер алмашуу жөнүндөгү Салам-Алик айыл кеңешинен чыккан 2014-жылдын 5-сентябрындагы № 119 токтомунун биринчи пункту күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Салам-Алик айылдык кеңеши Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы элдик жыйынынын чечиминин жана ошол жерди алмашуу боюнча түзүлгөн комиссиясынын жерди алмашпоо жөнүндөгү 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 21-корутундусунун негизинде жана жерди алмашуу боюнча депутаттардын каршы добушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы элдик жыйынынын чечиминин жана ошол жерди алмашуу боюнча түзүлгөн комиссиясынын жерди алмашпоо жөнүндөгү 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 21-корутундусунун негизинде Салам-Алик айылынын Кургак участкасындагы КБФнын жери Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жери менен алмашууга жол берилбесин жана Салам-Алик айыл кеңешинин 2014-жылдын 5-сентябрындагы № 119 токтому менен бекитилген токтомдун биринчи пункту жокко чыгарылсын
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |