Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 162
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу М.Сагынова атындагы орто мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу М.Сагынова атындагы орто мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоого акча каражатын бөлүү жөнүндө айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу М.Сагынова атындагы орто мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоого дем берүүчү грант аркылуу мектептин жылытуу системасын электр энергиядан көмүр менен жылытуу системасына өткөрүп, толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө билим берүү раздельинен бөлүнгөн акча каражатынын ичинен 570175(беш жүз жетимиш миң бир жүз жетимиш беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьядан бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |