САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 19-сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 164
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына калган калдык үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча смета кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январь айына калган эсептик счетундагы калдык акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Нуралиева Канышайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына эсептик счетто калган акча каражатына жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип, 2529,1 (эки миллион беш жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сомго кошумча смета түзүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын эсебинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү разделдерине өзгөртүү киргизилип смета түзүлсүн:
Башкаруу аппаратынын 22154900 статьясына 250,0 миң сомго
28231100 статьясына 81,6 миң сомго
ЖКХ разделинин 22141900 статьясына 16,0 миң сомго
22154900 статьясына 543,5 миң сомго
22221100 статьясына 15,0 миң сомго
Айыл чарба разделинин 22154900 статьясына 243,0 миң сомго
22221100 статьясына 100,0 миң сомго
Билим берүү разделинин 22154900 статьясына 700,0 миң сомго
22241100 статьясына 24,0 миң сомго
СДК разделинин 22154900 статьясына 498,0 миң сомго
Соц.защита разделинин 27213100 статьясына 58,0 миң сомго
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын өз максатында сарпталуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер Нуралиева Канышайга милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Cалам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |