Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 166
Салам-Алик айыл айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын № 49-беренесине ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдыразаковдун маалыматтарын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн төмөндөгү аткарылуучу иштерге бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
-Айыл өкмөтүнүн конторасынын эки бөлмөсүн реконструкциялап,
ПРООН тарабынан түзүлгөн проекти үчүн 250, миң сом;
-Кызыл-Байрак айылындагы ички чарбалык жолдорго 6
труба, Ара-Көл айылындагы ички чарбалык жолдорго 6
труба алуу үчүн 55,0 миң сом;
-Кызыл-Байрак айылынын мүрзө жайынын айланасын
тосууга сетка алуу үчүн 20,0 миң сом;
-Кош-Этер айылынын чөп ормо жолун тазалоо үчүн 200,0 миң сом;
-Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдоруна труба
алуу үчүн 21,0 миң сом;
-Кызыл-Байрак айылындагы спорт аянтын курган атуулдарга
эмгек акы үчүн 23,0 миң сом;
-Салам-Алик айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун
имаратынын сырткы айланасын тосуу үчүн 15,0 миң сом;
-Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде түзүлгөн проектилер үчүн 100,0 миң сом;
-Ак-Терек айылындагы ички чарбалык жолдорго труба алууга 24,0 миң сом;
-Ак-Терек айылынын Токтогул көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн 50, миң сом;
-Айыл өкмөтүнүн обьектериндеги жана мектептердин электр
энергиясын жана көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруусун
көзөмөлдөө үчүн электриктин эмгек акысына 112,5 миң сом;
-Электр жабдууларын алуу үчүн 32,0 миң сом;
-Айылдарга элктр столбасын алуу үчүн 2014-жылдан калган
карызы үчүн 249,0 миң сом;
-Айылдардагы түнкү коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн участкалык
инспекторго 16,0 миң сом;
-А.О. “Жазы” ишканасынан 2014-жылдан калган көмүрдүн
карызына 24,0 миң сом;
-Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебине таза суу
чыгаруу үчүн 500,0 миң сом;
-Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин
техникалык иштерине 200,0 миң сом;
-Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургундарына социалдык
жактан жардам көрсөтүү үчүн 50,0 миң сом;
-С.Сагынова орто мектебинин жаш мугалимдерине колдоо
көрсөтүү максатында 8,0 миң сом;
-Кош-Этер айылындагы клубдун капиталдык ремонтуна 498,0 миң сом;
Бардыгы 2 447,5 миң сом; (эки миллион төрт жүз кырк жети миң беш жүз) сом
2. Жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Cалам-Алик айыл кеңшинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |