Редакцияот 23.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 19-сессиясы 

 

2015-жылдын 23-марты № 167

Ак-Терек, 15 жаш айылдарына жолдун боюна ажаткана куруу үчүн  жер аянтын бөлүп берүү  жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жер  Кодексинин” № 27-беренесине ылайык  Кара-Шоро эс алуучу жайына бара жаткан эс алуучу атуулдарды маданияттуу тейлөөдө жол боюна ажаткана куруу үчүн жер аянтын  бөлүп берүү боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш  кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Шоро эс алуучу жайына бара жаткан эс алуучу атуулдарды маданияттуу тейлөөдө Ак-Терек айылынын Кудук участкасынан 0,01 га,          15 жаш айылынын жол боюнан  0,01 га жер аянты ажаткана куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.

 

Төрага

А.Таштемиров