САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 20-сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 168
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин айнек терезелерин жана чатырын алмаштыруу боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын № 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин директору Сагынов Акбардын маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 20-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын № 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин айнек терезелерин жана чатырын алмаштырып жаңылоо үчүн долбоордо аныкталган сумманын 20% ын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |