Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 20-сессиясы 

 

2015-жылдын 4-апрели № 169

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы курулуп  пайдалнууга берилген спорт аянтынын курулушун депутаттык текшерүү  жөнүндө

    “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 31-беренесине ылайык жана айылдык кеёешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылында курулган спорт аянтына жумшалган акча каражатынын мыйзамдуулугн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 20-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 1. Айыл дык кеңешинин депутаттарынын сунушуна ылайык Салам-Алик айыл  өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылында курулган спорт аянтына жумшалган  акча каражатынын мыйзамдуулугн текшерүү боюнча төмөндөгүдөй депутаттык комиссия түзүлсүн:

Байназаров Жумакадыр  -депутат, комиссиянын төрагасы;

Инашов Эдилбек               -депутат, мүчөсү;

Сыдыков Жыргалбек        -депутат, мүчөсү;

Ыдыңов Бектур                  -депутат, мүчөсү;

Чыбышев Токтогул            -депутат, мүчөсү;

2.  Айылдагы курулган спорт аянтка канча акча каражат жумшалды, счет-фактуралары менен салыштырып, иштин көлөмүн текшерип, мыйзам чегинде тактоо комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана  байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Таштемиров