Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 170
Салам-Алик айыл өкмөтүнө Кызыл-Чарба айылына маданият үйүн ачуу жана ага жетекчилик штаттык бирдик ачуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 31-беренесине ылайык жана Кызыл-Чарба айылына маданият үйүн ачуу, анын штаттык бирдигин бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Шайбеков Ысмайлдын маалыматын жана сунушун колдоп, жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Чарба айылына айылдык маданият үйүн жана анын бир жетекчилик штаттык бирдигин ачуу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынан жана райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |