Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 171
Талды булак жайытын толук пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын № 7-беренесине ылайык жана Салам-Алик ЖПБнин 2015-жылдын 13-февралындагы жалпы жыйынынын №1 протоколунун чечимине байланыштуу, Жайыт комитетинин төрөгасы Чыбышев Токтогулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Булак жайыты Кызыл-Чарба айылынын жайыт пайдалануучуларына убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Жайыттын сыйымдуулугун эске алуу менен жайытты туура пайдалануу жана көзөмөлдө жагы «Салам-Алик Жайыт комитетине» милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, мйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.
Төрага | А.Таштемиров |