Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 173
Салам-Алик жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын 13-февралындагы жалпы жыйынынын жайыт постун уюштуруу жөнүндөгү токтомунун бекитүү жөнүндө
Салам-Алик жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын 13-февралындагы жалпы жыйынын жайыт постун уюштуруу жөнүндөгү чечимин угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 20-сесиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, Көл, Супа, Туурасу жайыттарын деградациядан сактап калуу максатында жайыттын сыйымдуулугунан ашыкча мал киргизбөө үчүн Арагөл айылынан кире беришине т.а. айылдын ички жолуна Жайыт постун уюштуруу тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Көл, Супа, Туурасу жайлоолорунун сыйымдулугун эске алып, жайытты толук башкарып көзөмөл жүргүзүү үчүн өтүп жаткан шарттуу малдын башын тактап саноо жагы колго алынсын.
3. Токтомдуу аткаруу жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, мызамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.
Төрага | А.Таштемиров |