Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыштагы 20-сессиясы 

 

2015-жылдын 4-апрели № 174

Шарттуу малдын башына жайыт акы чегерүү жөнүндө

Салам-Алик жайыт комитетинин төрөгасы Чыбышев Токтогулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-чакырылышын кезексиз  20 -сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктунун 6-пункутчасына ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 65-00 сомдон жайыт акы алынсын.

Тактап айтканда:

                    Кой-эчкиге       13-00   сом.

                   Жылкыга           65-00   сом

                   Кара малга        65-00   сом

2. Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир шарттуу малдын башына 125-00 сомдон жайыт акы алынсын.

                  Кой-эчкиге         25-00  сом

                  Жылкыга           125-00 сом

                  Кара малга        125-00 сом

3. Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы :

                    Кара малга   300-00 сом

                    Кой-эчкиге      70-00 сом

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.

5.Токтомду көзөмөлдөө жагы финансы, экономика,бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырсын.

 

 

Төрага

А.Таштемиров