Загрузка документа…
САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 175
Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө
Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы Чыбышев Токтогулдун Жайыттарды эффективтуу пайдалануу үчүн «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-1- беренесин жетекчиликке алып, жайытты башка максатта пайдаланып жаткан атуулдарга жайыт акы чегерүү боюнча Жайыт комитетинин төрөгасы Чыбышев Токтогулдун билдирүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык округунун Кеңешинин 5-чакырылышынын 20-сесиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды бал аары чарбачылыгын өнүктүрүү максатында пайдаланып жаткан атуулдарга кармаган ар бир бал аары челеги үчүн 30-00 сомдон жайыт акы алынсын.
2. Жайыттарды чөп ормо катары пайдаланган атуулдардан ар бир сотых жер аянтына 6-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Жайыттарды сугат айдоо аянт катары пайдалангандыгы үчүн бир сотых жер аянтына 10-00 сомдон жайыт акы алынсын.
3. Жайыт участкасынан жаңгак, долоно, итмурун ж.б мөмө-жемиштерди терүүчү атуулдардан түшүмүнө карап келишимдик негизде салык алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |