САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыштагы 20-сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 176
Айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана мусор тазалоо жана айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана мусор тазалоо иштерине жана айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине акча каражатын бөлүү боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен тийиштүү сметага ылайык 21000-00 (жыйырма бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Салам-Алик айылындагы каналды тазалоо үчүн тех.надзор жалдоого 20,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Салам-Алик айылындагы балдар паркынын айланасын тосууга 10,0 миң сом акча кражаты бөлүнүп берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн аскерге милдеттүү жарандарды жазгы аскер кызматына чакыруу үчүн жана аларды райондук аскер комиссариатына алып баруу, алып келүү үчүн транспортко 40 (кырк) литр бензин бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |