Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыштагы 20-сессиясы 

 

2015-жылдын 4-апрели № 177

Салам-Алик айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын № 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айыл аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Салам-Алик айыл кеңешинин 5-шайланган кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.

2.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдыразаковко жүктөлсүн.

       Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

 

Төрага

А.Таштемиров