Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 1
Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
05.07.2002-жылдагы «Кыргыз Республикасынын аксакалдар соту жонундогу» №113 Мыйзамынын 11-беренесинин негизинде жана аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 2013-жылдын 05-сентябрындагы VII сессиясынын № 6 токтому менен бекитилген Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы төмөнкү курамда 3 жылдык мөөнөткө бекитилсин.
1. Бекжанов Даирбек –аксакалдар сотунун төрагасы.
2. Ажыматов Мавлянбек – аксакалдар сотунун орун басары.
3. Чурекова Жаркынай- аксакалдар сотунун катчысы.
4. Суяров Махаматали- аксакалдар сотунун мүчөсү.
5. Аракулов Абдымалик- аксакалдар сотунун мүчөсү.
3. Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 2013-жылдын 05-сентябрындагы VII сессиясынын № 6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Арзиев |