Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 4
Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү жана экинчи жарым жылдыкка коюлган милдеттери жөнүндө
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана экинчи жарым жылдыка коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана экинчи жарым жылдыкка коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана экинчи жарым жылдыкка коюлган милдеттери жөнүндөгү билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Арзиев |