Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-декабры № 1
Масы айыл аймагындагы бала-бакчалардын жетекчилеринин кайрылуусун кароо жөнүндө
Масы айыл аймагындагы бала-бакчалардын жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-бакчаларда жетекчилеринин кайрылуусу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы бала-бакчаларда балдардын күнүмдүк тамак-ашы 25 (жыйырма беш) сомдон айына 500 (беш жүз) сомдон ашпаган ата-энелик төлөмүн ата-энелердин макулдугу менен төлөө бекитилсин.
3 Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | С.Арзиев |