Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы 

 

2015-жылдын 1-декабры № 2

 

Ылдамдыкты  төмөндөтүүчү  тосмо орнотуу  жөнүндө

К.Султанов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын  кезектеги  XXIII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Масы айылынын К.Султанов көчөсүндөгү  Ноокен райондук Суу чарба башкармалыгынын  жана Ноокен райондук электр тармактар  ишканасынын  алдына талапка жооп  берген ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын белгилери  менен  орнотулсун.

2. Ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын белгилери  менен  орнотуу ДЭП-51 ишканасынан суралсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий    жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык  юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук  актылардын  мамлекеттик  реестрине  киргизүү  үчүн  жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Жусупбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Арзиев