МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 6
Масы айылындагы Кызыл-Кыштак айылындагы автоунаа өтүүчү көпүрөөнү оңдоо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кызыл-Кыштак айылындагы автоунаа өтүүчү көпүрөнү оңдоо үчүн кеткен чыгымдарынын сметасынын негизинде 97750 ( токсон жети миң жети жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Сметанын негизинде акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С.Арзиев |