Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 25/1
Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги 3 га кайрак жайыт жер аянтын «Синьжи- Пирим» ЖЧКна жумушчулар үчүн жатакана жана кирпич завод куруу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде ижарага берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден «Синьжи- Пирим» ЖЧК тарабынан курулуп жаткан цемент заводуна кошумча 3 га жер аянтын сурап жатат себеби ал жерге жумушчулар үчүн жатакана жана кирпич завод курушат экен ушуну колдоп бекитип берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден «Синьжи- Пирим» ЖЧК тарабынан курулуп жаткан цемент заводуна кошумча 3 га жайыт жер аянтын жатакана жана кирпич завод куруу үчүн ижаралык негизде берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун сунушу канаатандырылсын.
2. Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги кайрак жайыт жерден кошумча 3 га жер аянтын эки тараптуу келишимдин негизинде «Синьжи- Пирим» ЖЧКна убактылуу колдонууга жатакана жана кирпич завод куруу үчүн берилсин.
3. Тийиштүү документтерди жасап бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Жумушчулар үчүн жатакана жана кирпич завод куруу анын материалдык техникалык базасын чыңдоо жана жана башка ушул сыяктуу иштерди жүргүзүү «Синьжи-Пирим» ЖЧКна жүктөлүсүн.
5. Араван райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы аталган 3 га жайыт жер аянтын, «Айыл чарба багытындагы жерлер түрүнөн», «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуунун жана башка түрдөгү жерлер» түрүнө которуу боюнча токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана аграрадык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |