Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 25/2
Токтогул орто мектебинин эски имаратынын 3-окуу класс корпусун толугу менен № 112 кесиптик - техникалык окуу жайынын филиалынын карамагына берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылындагы № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын филилалынын мугалими .Чаланов Тыныбектин лицейдин филиалына 3-окуу класс корпусун жана эски директордун каанасын лицейдин келечекте дагы да кулач жайып өсүп өркүндөп чоңоюшун эске алып, корпусту толугу менен кесиптик лицейдин филиалынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул орто мектебинин эски имаратынын 3-окуу класс корпусу лицейдин келечекте дагы да кулач жайып өсүп өркүндөп чоңоюшун эске алып, корпусту толугу менен № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын филиалынын карамагына берилсин.
2. Тийиштүү документтерди жасап бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Окуу жайдын материалдык техникалык базасын чыёдоо жана оңдоп түзөөиштерин жүргүзүү № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын администрациясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин соц. маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |