Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 25/3
Керме Тоо айыл өкмөтү сугат жана санитардык сууну сатып алуу боюнча келишимди Араван суу чарбасы менен эмес, түздөн-түз эле облустук суу чарба башкармалыгы менен түзүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча «Исан» СПАнын директору депутат К.Мурзаевдин Керме Тоо айыл өкмөтү сугат жана санитардык сууну сатып алуу боюнча келишимди Араван суу чарбасы аркылуу эмес түздөн-түз эле облустук суу чарба башкармалыгы менен түзүү жөнүндөгү сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сугат жана санитардык сууну сатып алуу боюнча келишимди Араван суу башкармалыгы аркылуу эмес, түздөн-түз эле облустук суу чарба башкармалыгы менен түзүү жагы сунушуталсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө (С.Гүлжигитов) жана «Исан» СПАна (директору К.Мурзаев) жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин соц. маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |