Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/140
Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” айылынын Круговой, Жаңы Абад жана Колхозчу көчөлөрүн бириктирип, ал көчөлөргө Афган согушунун ардагери, Баткендеги жана башка локалдык куралдуу кагылышуулардын катышуучусу Казаков Сабыр Сыдыковичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын 2015–жылдын 29-сентябрындагы №279 катын шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, шаарга караштуу Караван айылында туулуп жашап өткөн, Афган согушунун ардагери, Баткендеги жана башка локалдык куралдуу кагылышуулардын катышуучусу Казаков Сабыр Сыдыковичтин басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” айылынын Круговой, Жаңы Абад жана Колхозчу көчөлөрүн бириктирип, ал көчөлөргө Афган согушунун ардагери, Баткендеги жана башка локалдык куралдуу кагылышуулардын катышуучусу Казаков Сабыр Сыдыковичтин ысмы ыйгарылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” айылынын Круговой, Жаңы Абад жана Колхозчу көчөлөрүн бириктирип, ал көчөлөргө Афган согушунун ардагери, Баткендеги жана башка локалдык куралдуу кагылышуулардын катышуучусу Казаков Сабыр Сыдыковичтин ысмын ыйгарууга байланышкан чыгымдар С. Казаковдун балдарынын жана анын жакын туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгана, шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт–визалык жана каттоо иштери боюнча Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнө жана шаардын муниципалдык менчик департаментине юридикалык жана физикалык тараптар менен иш жүргүзүүдө шаардык кеңештин ушул токтомуна ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |