Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/141
Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын “Күнгөй” жана “Күнгөй-1” жаңы конуштарындагы көчөлөргө эмгектин ардагерлери Исраилов Саттардын, Шарипов Турсунбайдын, Пазылов Аваздын жана Жолоев Маматисактын ысымдарын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын 2015–жылдын 10-февралдагы “Кызыл-Кыя шаарынын “Ак-Булак” айылынын “Күнгөй” жана “Күнгөй-1” жаңы конуштарындагы көчөлөргө эмгектин ардагерлери Исраилов Саттардын, эмгектин ардагери Шарипов Турсунбайдын, социалистик эмгектин ардагери Пазылов Аваздын жана эмгектин ардагери Жолоев Маматисактын ысымдарын ыйгаруу жөнүндө” №51 катын шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, Ак-Булак айылында туулуп жашап өткөн, айыл чарба өндүрүшүндө эмгектенип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, мал чарбасын сапаттуу тоюттар менен камсыз кылууга кошкон салымдары үчүн, алардын басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, алардын ысымдарын түбөлүккө эскерүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Булак айылынын “Күнгөй” жана “Күнгөй-1” жаңы конуштарындагы көчөлөргө Ак-Булак айылынын Ак-Булак көчөсүндө жашап өткөн төмөнкү эмгектин ардагерлеринин ысымдары ыйгарылсын.
- Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Булак айылынын “Күнгөй” жаңы конушунун Ак-Булак көчөсүнүн айрылышынан чыгышка карай 1-, 2-, 3- жана 4- көчөлөргө эмгектин ардагери Исраилов Саттардын ысымы;
- Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Булак айылынын “Күнгөй” жаңы конушунун Ак-Булак көчөсүнүн айрылышынан чыгышка карай мектептин жанындагы жана үстүндөгү 5- жана 6-көчөлөргө эмгектин ардагери Пазылов Аваздын ысымы;
- Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Булак айылынын “Күнгөй” жаңы конушунун Ак-Булак көчөсүнүн айрылышынан чыгышка карай 7- жана 8-көчөлөргө эмгектин ардагери Жолоев Маматисак ажынын ысымы;
- Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Булак айылынын “Күнгөй-1” жаңы конушунун 3- көчөсүнө эмгектин ардагери Шарипов Турсунбайдын ысымы.
2. Кызыл-Кыя шаарынын “Ак-Булак” айылынын “Күнгөй” жана “Күнгөй-1” жаңы конуштарындагы көчөлөргө эмгектин ардагерлери Исраилов Саттардын, Шарипов Турсунбайдын, Пазылов Аваздын жана Жолоев Маматисактын ысымдарын ыйгарууга байланыштуу чыгымдар Исраилов Саттардын, Шарипов Турсунбайдын, Пазылов Аваздын жана Жолоев Маматисактын балдарынын жана анын жакын туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгана, шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт–визалык жана каттоо иштери боюнча Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнө жана шаардын муниципалдык менчик департаментине юридикалык жана физикалык тараптар менен иш жүргүзүүдө шаардык кеңештин ушул токтомуна ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |