Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/142
Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районунун эң четки Восток-2 кичи району менен чектешкен аты жок көчөгө Кызыл-Кыя шаарында көп жыл жашап, ички иштер кызматында жигердүү эмгектенип, дүйнөдөн өткөн Алыбай ажы Халмурзаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районунун тургундарынын 2015–жылдын 14-декабрындагы кир.№02/346 катын шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаарында көп жыл жашап, ички иштер кызматында жигердүү эмгектенип, дүйнөдөн өткөн Алыбай ажы Халмурзаевдин басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районунун эң четки Восток-2 кичи району менен чектешкен аты жок көчөгө Кызыл-Кыя шаарында көп жыл жашап, ички иштер кызматында жигердүү эмгектенип, дүйнөдөн өткөн Алыбай ажы Халмурзаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районунун эң четки Восток-2 кичи району менен чектешкен аты жок көчөгө Кызыл-Кыя шаарында көп жыл жашап, ички иштер кызматында жигердүү эмгектенип, дүйнөдөн өткөн Алыбай ажы Халмурзаевдин ысымын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Алыбай ажы Халмурзаевдин балдарынын жана анын жакын туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгана, шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт–визалык жана каттоо иштери боюнча Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнө жана шаардын муниципалдык менчик департаментине юридикалык жана физикалык тараптар менен иш жүргүзүүдө шаардык кеңештин ушул токтомуна ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |