Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/143
Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгынын тургундарынын Кызыл-Кыя РЭТинин жетекчиси М.Г.Аттокуровдун үстүнөн жазган арыздарын териштирүү жана шаар калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу багытында Кызыл-Кыя РЭТинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, “Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын тургундарынын Кызыл-Кыя РЭТинин жетекчиси М.Г.Аттокуровдун үстүнөн жазган арыздарын териштирүү жана шаар калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу багытында Кызыл-Кыя РЭТинин аткарып жаткан иштери жөнүндө” маселе шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын отурумунда каралып, кезектеги сессиянын кароосуна сунуштоо боюнча чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын тургундарынын арыздары боюнча Кызыл-Кыя РЭТинин жетекчиси М.Г.Аттокуров шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдарына катышпагандыгы, кызматтык этиканы сактабагандыгы жана арыздануучуларга орой мамиле жасап, кемсинткени эске алынсын.
2. “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун төрагасына Кызыл-Кыя РЭТинин жетекчиси М.Г.Аттокуровдун кызматтык этиканы сактабай, электр энергиянын төлөмдөрүнө байланыштуу маселелер боюнча кайрылган жарандарга орой мамиле жасап, кемсинткени үчүн ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун карап, тийиштүү чара көрүү жагы сунушталсын.
3. Кызыл-Кыя шаарынын калкына электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү жагын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри, шаардагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын жетекчиси Э.Топчубаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |