Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/144
Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылдын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, “Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылдын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө” маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, кезектеги сессиянын кароосуна сунушталган чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылдын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы 102,738,7 миң сом, чыгаша бөлүгү 96,694,6 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен аткарылгандыгы бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет).
2. Кызыл-Кыя шаарынын бюджеттик мекеме ишканаларынын жетекчилерине дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |