Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/146
Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3–беренесинин 3–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Р.Абдукаюмовдун 2015-жылдын 22-октябрындагы “Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 2016-жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө” кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын 2016–жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктары жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топтору киргизилсин.
2. Милдеттендирилсин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилигине (М.Б.Сагинбаевге) Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктарды толук жана сапаттуу чогултууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |