Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/148
2012–жылдын 25–ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутат болуп шайланган Джураев Сайдолимжан Маруфовичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 24–беренесинин 2–пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3–, 5– беренелерине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52–беренесине негиз, Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2015–жылдын 11–ноябрындагы №1 протоколун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012–жылдын 25–ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо Кызыл–Кыя шаардык кеңешине КСДП фракциясынан депутат болуп шайланган Джураев Сайдолимжан Маруфовичтин 2015–жылдын 4–октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандыгына байланыштуу, Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. КСДП фракциясынын партиялык тизмесинде кийинки кезекте турган талапкерлерге Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутаттык мандатын ыйгаруу жагы Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.Маматовко сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковго тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |