Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 36/145
Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 22154900 “Башка чыгымдар” беренесинен 40,0 миң сомго кыскартылып, 2211 “Сапардама чыгымдары” беренесине 20,0 миң сомго көбөйтүлсүн, 2015-жылдын 1-январына болгон калдыктын эсебинен 45 000 (кырк беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2221 “Учурдагы оңдоо” беренесинен 29,0 миң сомго кыскартылып, 22154900 “Башка чыгымдар” беренесине 33,0 миң сомго, 2212 “Байланыш кызматына төлөмдөр” беренесинен 16,0 мин сомго көбөйтүлсүн, 2015-жылдын 1-январына болгон калдыктын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Кызыл-Кыя шаардык мэриясына бөлүнүп берилсин.
3. “Караван” АБнын 2212 “Байланыш кызматына төлөмдөр” беренесинен 12,5 мин сомго, 3112 “Активдер” беренесинен 746,7 миң сомго кыскартылып, 22154900 “Башка чыгымдар беренесине 262,5 миң сомго, 3111 “Активдер” беренеси 496,7 миң сомго көбөйтүлсүн.
4. “Караван” АБнын 3112 “Активдер” беренесинен 70,0 миң сомго кыскартылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 3111 “Активдер” беренесине 70,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
5. №2 орто мектебинин 2232 “Электр энергиясына төлөмдөр” беренесинен 7,0 миң сомго, №5 орто мектебинин “Электр энергиясына төлөмдөр” беренесинен 18,0 миң сомго, №8 орто мектебинин 22321100 “Электр энергиясына төлөмдөр” беренесинен 9,5 миң сомго кыскартылып, “Караван” АБнын “Электр энергиясына төлөмдөр” беренесине 34,5 миң сомго көбөйтүлсүн.
6. Аскер комиссариятынын 22241100 “Көмүр сатып алуу” беренесинен 82,0 миң сомго кыскартылып, 22154900 “Башка чыгымдар” беренесине 82,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
7. Кызыл-Кыя шаарынын ММДнын 2111 “Эмгек акы төлөмдөрү” беренесинен 470,0 миң сомго, 2121 “Социалдык фондко төлөмдөр” беренесинен 109,0 миң сомго 2217 “Даары дармектерди сатып алуу” беренесинен 6,0 миң сомго 3112 “Активдер” беренесинен 55,0 миң сомго кыскартылып, 2214 “Транспорт чыгымдары” беренесине 100,0 миң сомго, 22154900 “Башка чыгымдар” беренесине 185,0 миң сомго, 22221200 “Башка чыгымдар” беренесине 155,0 мин сомго 3111 “Активдер” беренесине 200,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
8. Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 22152100 “Санитардык кызматтарга төлөмдөр” беренесинен 1,5 миң сомго кыскартылып, 22154900 “Башка чыгымдар” беренесине 1,0 миң сомго, 22311100 “Суу төлөмдөрү” беренесине 0,5 мин сомго көбөйтүлсүн.
9. Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар беренесинен 10,0 миң сомго кыскартылып, 22152100 “Санитардык кызматтарга төлөмдөр” беренесине 10,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
10. Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттар чыгашасынын 22154900 “Башка чыгымдар ” беренесинен 104,4 миң сомго, 2221 “Учурдагы оңдоо” беренесинен 236,1 миң сомго кыскартылып, 2222 “Башка чыгымдар” беренесине 280,0 миң сомго, 2218 “Тамак аш чыгымдары” беренесине 60,5 миң сомго көбөйтүлсүн.
11. Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттарынын 2015-жылдын 4-кварталынын 14235800 киреше бөлүгүнүн жана чыгаша бөлүгүнүн 2218 “Тамак аш сатып алуу” беренесинин планы 1500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
12. №5 орто мектебинин 22311100 “Суу төлөмдөрү” беренесинен 18,0 миң сомго, кыскартылып, 22152100 “Санитардык кызматтарга төлөмдөр” беренесине 15,0 миң сомго, 2212 “Байланыш төлөмдөрү” беренесине 3,0 (уч) миң сомго көбөйтүлсүн.
13. №8 орто мектебинин 22311100 “Суу төлөмдөрү” беренесинен 9,5 миң сомго, кыскартылып, 22152100 “Санитардык кызматтарга төлөмдөр” беренесине 7,5 миң сомго, 2212 “Байланыш төлөмдөрү” беренесине 2,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
14. №10 орто мектебинин 22152100 “Санитардык кызматтарга төлөмдөр” беренесинен 11,7 миң сомго кыскартылып, 22311100 “Сууга төлөмдөр” беренесине 6,5 миң сомго, 2212 “Байланыш кызматтарына төлөмдөр” беренсине 1,5 миң сомго, 22211100 “Учурдагы оңдоо” беренесине 3,7 миң сомго көбөйтүлсүн.
15. Кызыл-Кыя шаарынын №12 А. Осмонов толук эмес орто мектебинин 22122100 “Байланыш төлөмдөр” беренесинен 9,0 миң сомго кыскартылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22122100 “Байланыш төлөмдөр” беренесине 9,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
16. Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22211100 “Учурдагы ондоо” беренесинен 10,0 миң сомго кыскартылып, №12 А. Осмонов толук эмес орто мектебинин 22211100 “Учурдагы ондоо” беренесинен 10,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
17. Кызыл-Кыя шаарынын социалдык жактан коргоо башкармалыгынын 22111100 “Сапардама чыгымдары” беренесине 6,0 миң сомго, 22122100 “Байланыш төлөмдөр” беренесине 12,0 мин сомго, 22154900 “Башка чыгымдар” беренесине 7,0 миң сомго кыскартылып, 27213100 “Женилдиктер” беренесине 25,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
18. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга каралган киреше бөлүгүнүн 11111100 “Киреше салыгынын” жана чыгаша бөлүгүнүн планы 2500,0 миң сомго кыскартылсын жана 11 айга аткарылышы киреше бөлүгү 124500,0 миң сомго чыгаша бөлүгү 125300,0 миң сомго аткарылганы өзгөртүүлөр менен көңүлгө алынсын.
19. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Маткалыков |