Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 01-7/17
Cамаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн пайдаланылбай жаткан жайыт жерлерди өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу ж.б. багытындагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Күн тартибинде бул маселени талкуулап чыгып Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагынын Паскы-Арык айылынын түндүк-батыш тарабынан асылдуулугу төмөн пайдаланылбай жаткан жайыт жерден 18,55 (он сегиз га элүү беш сотых)га жер аянты көмүр кенин өндүрүү максатында КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген СЕ №3534 лицензиясынын негизинде өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу ж.б. багытындагы жерлер категориясына которулуп берилүүсү суралсын.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштуу документтерди бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы К.А.Салиховго тапшырылсын.
Төрага | А.Насыров |