Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 01-7/18
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиясы тарабынан жеринде карап чыгып 2015-жылдын14-сентябрында түзгөн актысын жана комиссиянын төрагасы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.Ибраимовдун 22.09.2015-жылы жолдогон катын карап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылында жайгашкан КБФнун жеринен ижарага жер алып иштеткен ижарачылардын комиссия аныктап чыккан 2015-жылдын 14-сентябрындагы актысынын негизинде табигый кырсыктын кесепетинен суунун жетишсиздигинен зыян тарткан 45(кырк беш) ижарачыга жалпы суммасы 19 782 (он тогуз миң жети жүз сексен эки) сом суммасында Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан материалдык жардам берилсин (тизмеси тиркелет).
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер адистерине ижарачылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде келишимдин пункттары толук аткарылуусу жетекчиликке алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык Кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Насыров |