Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 01-7/19
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылына балдар бакчасын куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланып жаткан балдар бакчасынын курулушуна салым кошуу максатында Самаркандек айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланып жаткан балдар бакчасынын курулушуна 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Насыров |