Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 01-7/20
Көзөмөл салык постун уюштуруу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн карап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн салык кирешесин жөндөө максатында Самаркандек айылына көмүр казып алуу шахталарынан чыгып жаткан көмүрдүн көлөмүн контролдоо үчүн көзөмөл салык посту уюштурулсун.
2. Салык постун уюштуруп берүү үчүн тийиштүү шарт түзүп берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Насыров |