Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 01-7/22
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн пайдаланылбай жаткан жайыт жерлерди өнөр жай, траспорт, байланыш, коргонуу ж.б. багытындагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Күн тартибинде 2022 аскер бөлүгүнүн командири полковник Р.Джуматаевдин 2015-жылдын 27-сентябрында жөнөткөн катын карап, талкуулап чыгып Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз чакырылган V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагынын Паскы-Арык айылынын тундуктарабынан асылдуулугу төмөн пайдаланылбай жаткан жайыт жерден 3,0 (уч)га жер аянты Самаркандек чек ара тозотуна атып машыгуучу жай (стрельбише) жайгаштыруу максатында асылдуулугу төмөн пайдаланылбай жаткан жайыт жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу ж.б. жерлер категориясына которулуусу сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштуу документтерди бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы К.А.Салиховго тапшырылсын.
Төрага | А.Насыров |