Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-ноябры № 01-7/24
Самаркандек айыл өкмөтүнүн кошумча смета жана бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У. Ысманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнүн 1-разделинен 2212-байланыш кызматын көрсөтүү беренесинен 10,0 миң сомду, 2221-имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар беренесинен 60,0 миң сомду 2215-товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү беренесине 70,0 миң сом, 8-раздель клуб 2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу беренесинен 50,0 миң сомду 1-раздель 2215-товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү беренесине которулсун.
2. Айыл өкмотүнүн бюджетине 2015-жылдын 1-январына калган калдык 18107 сом 85 тыйынды айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуудан түшкөн киреше 130,0 миң сом акча каражаты 2215-товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү беренесине кошумча бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн атайын счетуна 2015-жылдын 1-январына калган калдык 39685 сом акча каражаты 2218-тамак-аш азыктарын алуу статьясына кошумча бекитилсин.
4. Бекитилген каражаттын максаттуу пайдалануу жана бөлүштүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы У. Ысмановага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы план бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Насыров |