Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-ноябры № 01-7/25
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк участкасында пайдаланылбай ээси жок жаткан 0,70 га сугат жер аянтын Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк участкасында пайдаланылбай ээси жок жаткан 0,70 га сугат жер аянты Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүлсүн.
2. Тийиштүү жерге ээлик кылуучу документтерди даярдап берүү жагын Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыгынан камсыздоо жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык Кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Насыров |